Ссылки доступа

Борбор Азия өлкөлөрүндө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады (видео)


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстанда азык-түлүк баалары кескин кымбаттап кетти. Адатта жайында арзандай турган мөмө-жемиштин наркы да арзан эмес.

В Кыргызстане подорожали продукты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Кыргызстанда соңку жарым айда өсүмдүк майы эки эсеге кымбаттады, жумуртка менен эттин баасы да көтөрүлдү. Баарынан да сабиз көбүрөөк сюрприз тартуулады. Акыркы эки аптада анын бир килограммы дээрлик 100 сомго чыкты.

Кыргызстанда расмий түрдө инфляция 10% ашпайт. Бирок азык-түлүк баасы 20-25% өстү. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик мындай абал өлкөдө гана эмес экенин, пандемия менен кургакчылыктан чөлкөм толук зыян тартып жатканын билдирди.

"Биз соода түйүндөрү, ири базарлар менен тыгыз иштешип жатабыз. Өкмөттүн чечими менен кумшекер жана өсүмдүк майынын баасына мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген”, – деди монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Кенешбай Тайлаков.

В Казахстане подорожали продукты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Бул арада мал үчүн тоюттун баасы азыр эле бир жарым эсеге кымбаттады. Муну менен эттин жана сүт азыктарынын наркы дагы көтөрүлүшү ыктымал.

Алматынын мал базарында негизинен эчки жана койлорду сатышат. Алардын баасы кескин түрдө кымбаттап кеткени менен суроо-талап азайган жок.

“Алармандар мал өтө кымбаттап кеткенине даттанышууда. Бирок биз мындай бааны өзүбүз ойлоп тапкан жокпуз. Фермерлер ушундай баада алып келип жатышат. Эчки 40 миң, кой 50-80 миң теңге турат. Былтыркыга салыштырмалуу алардын баасы өтө кымбаттап кетти”, – деди базардын администрациясынын өкүлү Малик Акимханулы.

Казакстанда кой этинин бир килограммы жети доллардай турат. Былтыркыга салыштырмалуу эки долларга көп.

Кыргызстан сыяктуу эле Казакстанда да жашылча-жемиш кымбат. Өзгөчө сабиздин наркы рекорддук чекке жетип, соңку күндөрү эки эсеге кымбаттады. Казакстандын айрым аймактарында ал эки долларга чукул баада сатылууда.

Тажикстанда да сабиз, картошка, өсүмдүк майы, жумуртка жана кумшекер кымбаттады. Ушул тапта өлкөдө бир килограмм сабиз жакшы жергиликтүү күрүчтүн баасына барабар – 10 сомони. Май айынын башында эле анын баасы 3 сомониден ашкан эмес.

Тажикстандын Статистика агенттигинин маалыматына караганда, 2020-жылдан бери айрым-азык түлүктөрдүн баасы 42% кымбаттады.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG