Маалыматка караганда, бул процесс Мирзиёев өкмөтүнүн алдыңкы пропагандачысына айланган премьер-министрдин орун басары Азиз Абдухакимовдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Документтердин көчүрмөсүнө ылайык, министрликтин тапшырмасы менен мамлекеттик мекемелер жана коммерциялык банктар "жүргүзүлүп жаткан реформалар" тууралуу ыкчам жаңылыктарды даярдоо үчүн "Өзбекстандын электрондук массалык маалымат каражаттарынын улуттук бирлигинин" эсебине миллиарддаган сум каражат которууга милдеттендирилишкен.
Аталган бирликтин төрагасы Фирдавс Абдухаликов бир эле маалда "Өзбеккино" улуттук агенттигинин башчысы жана өлкөдөгү бир катар жеке телеканалдар менен маалыматтык сайттардын ээси болуп эсептелет.
Ири министрликтер менен коммерциялык банктардын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлдөрүнүн айтымында, "Жаңы Өзбекстан, Жаңы көз караш" деп аталган медиа-программанын демилгечиси Фирдавс Абдухаликов президенттин реформаларын пропагандалоо үчүн ири суммада каражат сураган.
– Быйыл февралда өткөн министрлер кабинетинин жыйынында ал эгемендиктин 30 жылдыгын шылтоолоп Мирзиёевдин реформаларын кеңири пропагандалоону сунуштап, бул үчүн өкмөттөн ири суммада каражат сураган. Анын бул демилгеси өкмөттүн протоколуна киргизилип, бирок ал үчүн эч ким акча бөлүп берген эмес, – деди окуя менен жакындан тааныш аткаминерлердин бири.
Анын айтымында, бул протокол аткарылбай калгандан кийин өткөн айда премьер-министрдин орун басары Азиз Абдухакимов министрликтердин, комитеттердин жана мамлекеттик кызматкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, алардан Абдухаликовдун фондуна акча которууну талап кылган.
– Которула турган каражат ар бир мекеменин каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша болууда. Кээ бир министрликтер бир миллиард сум которууга милдеттендирилсе, коммерциялык банктар эки миллиарддан, айрым мамлекеттик мекемелер беш миллиарддан которушат, – деди ал.
"Өзбекстандын электрондук массалык маалымат каражаттарынын улуттук бирлиги" сөз эркиндигин жана демократияны пропагандалоо үчүн ЕККУ, ЮНЕСКО өңдүү эл аралык уюмдардан, АКШ, Улуу Британия, Германия сыяктуу батыш өлкөлөрүнөн гранттарды алып келет. Мындан тышкары бул бирлик Deutsche Welle, "Би-Би-Си" жана "Америка үнү" деген эл аралык телерадиокомпаниялар менен кызматташат.