Маалыматка караганда, Калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү борборунун райондук бөлүмүнүн эсебинде каражаттын жоктугуна байланыштуу апрель жана май айлары үчүн төлөмдөр өз учурунда берилген эмес. Буга байланыштуу 20дан ашык киши нааразылык акциясын өткөрүп, жолдордун бирин тосушкан.
Бул окуядан кийин жалпысынан облустагы жумушсуз 218 жаранга 120,33 миллион сум (11,3 миң доллардан ашык) өлчөмүндө жөлөк пул төлөнгөн.
Буга чейин Каракалпакстандын баш калаасы Нукус шаарында пенсиялардын өз учурунда берилбегенине нааразы болгон тургундар акцияга чыгып, көчөлөрдүн бирин тосуп алышканы кабарланган.