Ссылки доступа

Алматыда "Көчө партиясын" колдогон активисттер ачкачылык жарыялашты (видео)


Казакстандын Алматы шаарында жети жарандык активист “Көчө партиясын” каттоодон баш тартуу боюнча былтыр кабыл алган соттун чечимине каршылык билдирип ачкачылык жарыялашты.

Бул партия былтыр 16-майда "экстремисттик уюм" деп таанылып, сот анын ишмердигине тыюу салган.

Ачкачылык жарыялаган жарандык активисттер тобу соттун чечимине укуктук баа берүүнү талап кылып, аны жокко чыгарууну жана абакта отурган бул саясий уюмдун мүчөлөрү менен тарапташтарын боштондукка чыгаруу маселесин көтөрүштү.

Ушул айдын башында жарандык активисттер тобу соттун аталган чечимине укуктук баа берүү боюнча парламенттин кош палатасына кайрылуу жиберген. Анда алар эгерде талаптар аткарылбаса мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай турганын эскертишкен.

Жогорку сот 15-июндагы дата менен белгиленген бул маселе боюнча жооп катында аталган сот актысына аппеляциялык же кассациялык даттануу болбогонун, эми аны жокко чыгаруу үчүн ишти тиешелүү соттук инстанцияда кароо тартиби жана мөөнөттөрү бар экенин жүйө келтирген.

Бирок ачкачылык жарыялагандар алардын талабы аткарылмайынча оозуна наар албай турганын айтып, бул иш чара мөөнөтсүз болорун эскертишти.

Видео

Видео

850 килограммдык бука. Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021”
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
XS
SM
MD
LG