Ссылки доступа

Тажикстанда жаныбарларга катаал мамиле жасоо үчүн жаза катаалдашты


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Административдик мыйзам бузуулар тууралуу кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырып, жаныбарларга катаал мамиле кылгандар үчүн жоопкерчиликти күчөттү.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми катаал мамилеге туш болгон жаныбарлар жаракат алган же өлүп калган учурларда күнөөлүү адам мурдагы 300 сомонинин ордуна 600 сомони (50 доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул төлөйт. Мындан тышкары ээсиз жаныбарларга катаал мамиле кылып, алар жаракат албаган жана өлбөгөн учурларда үчтөн бешке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөнөт.

Талкуу маалында депутаттар кодекске мындай өзгөртүүлөр жарандык коом өкүлдөрүнүн талабы менен киргизилип жатканын белгилешти.

Ошол эле маалда депутаттар жолбун иттерди жок кылуу маселесин талкуулашкан жок. Өткөн жылы Хожент шаарында эле 700дөн ашык ээсиз ит атылган. Дагы 400гө жакын ит холеранын жайылуусуна каршы эмделген.

Тажикстанда ээсиз жаныбарлар үчүн атайын жайлар жок. Аларды айрым жарандар өз алдынча багып келишет.

XS
SM
MD
LG