Ссылки доступа

Тажикстан 100дөн ашуун ооган аскери талибдер менен салгылашууда тажик аймагына чегингенин тастыктады


Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылынын жоочулары менен салгылышкан 100дөн ашуун ооган өкмөтүнүн аскерлери тажик аймагына чегинди. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

"22-июнда саат 09:00гө чейин уланган кагылышуунун жыйынтыгында Ооганстан Ислам Республикасынын 134 аскер кызматкери Тажикстандын “Паянж” чек ара бөлүгүнүн 3-4-тозоттору аркылуу чегинүүгө аргасыз болушту” деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, тажик чек арачылары “гуманизим жана ынак коңшулук принциптерине таянуу менен ооган аскерлеринин Тажикстан аймагы аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүнө уруксат берген”.

Соңку он суткадан бери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш төрт провинциясында өкмөттүк аскерлер менен “Талибан” кыймылы салгылашууда. Натыйжада талибдер бир нече районду өзүнө каратып алды. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс 22-июнда билдиргендей, талибдер май айынан бери 370 райондун 50дөн ашуунун көзөмөлдөп калышты. Дипломат муну менен кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч пайда болгонун белгиледи.

Ушул тапта Тажикстан менен чектеш Ооганстандын Бадахшан провинциясынын үч ири калктуу конушунда катуу салгылашуу болуп жатат. Буга байланыштуу Тажикстан качкындардын агымына даярданууда. Буга чейин Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Ёдгор Файзов чукул жыйын өткөрүп, 5-10 миң бозгунду кабыл алууга даяр экенин айткан. Ошол эле маалда ал алардын саны 30 миң кишиге чейин жетиши ыктымал экенинен кооптонгон.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG