Ссылки доступа

Ашхабадда эки бүтүрүүчү мугалимди ууландырууга шектелүүдө


Ашхабаддын Багтыярлык районунун полициясы мугалимдин ууланышына байланыштуу окуяны териштирип жатат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагынын айтымында, эки бүтүрүүчү мугалимдин тамагына идиш жууй турган суюктукту кошуп койгон.

Окуя 15-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган жыйынтыктоочу сынак учурунда болгон. “Окуучулар азык-түлүк менен суусундук алып келүүнү тапшырган мугалимди ушундай жол менен жазалоону чечишкен” деп билдирди өз булак.

Мектеп кызматкерлери бул окуянын болгонун тастыкташты. Сынактан кийин даярдалган дастаркондо тамак ичип отурган мугалимдин жагдайы дароо начарап, кусуп, эсин жоготкон. Ал дароо ооруканага жеткирилген.

Мындан кийин мектеп жетекчилиги полицияга чакыртылган. Кийин шектүү эки баланын бири бүтүрүү сынагынан кийин дароо армияга кеткени белгилүү болду.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул окуяга байланыштуу шектүүлөр жана күбөлөр суракка алынып жатканын, кылмыш иши козголо элек экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG