Бул тууралуу Тажикстандын Каржы министрлиги билдирди.
Өткөн аптада Азия-Тынч океан фондунун вакцина долбооруна ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга 25 млн доллар грант берери белгилүү болгон. Долбоорду ишке ашыруу быйыл башталды жана 2023-жылы аягына чыгат.
Долбоордун алкагында COVID-19га каршы 3,4 миллион вакцина, аларды сактай турган контейнерлер жана шприцтер сатылып алынат.