Ссылки доступа

БУУ: 2020-жылы Ооганстанда 2,6 миңден ашык бала каза болуп же жаракат алган


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстандагы зомбулуктан өлгөн же жарадар болгон балдардын саны көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун 22-июнда жарыяланган "Балдар жана куралдуу жаңжалдар" аттуу баяндамасында 2020-жылы Ооганстанда 760 бала каза таап, 1859у жаракат алганы жазылган. Алардын ичинен 1 098 жеткинчек талибдер менен башка согушкерлердин колунан окко учуп же жараланган болсо, 962 бала армия менен өкмөтчүл күчтөрдүн аракеттеринен улам ажал таап же жабыркаган.

"Жашы жетелек балдар согуштук аракеттерде, чабуул коюу, чалгын маалымат чогултуу үчүн пайдаланылып, сексуалдык ыдык да көрүп келатат", - деп жазылган баяндамада.

Былтыр декабрдын аягына карата 164 эркек бала жана бир кыз улуттук коопсуздукка коркунуч жаратканы үчүн реабилитация борборлоруна жөнөтүлгөн. Мындан тышкары 318 бала (көбү ооган жараны эмес) согушка катышып жаткан топторго байланышы бар деген айып менен камалган апалары менен бирге түрмөлөрдө кармалып турушкан.

Баяндамадагы маалыматка ылайык, 2020-жылы дүйнөдөгү 21 куралдуу жаңжалда 19 миңден ашуун бала түрдүү зомбулуктан жабыркаган. Мындай учурлардын көбү Ооганстан, Конго Демократиялык республикасы, Сомали, Сирия жана Йеменге туура келет.

XS
SM
MD
LG