Буга чейин Тажикстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Коргоо министрлиги, Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги, Улуттук гвардия, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети терроризмге каршы түздөн-түз күрөш жүргүзгөн мекемелердин катарында болгон.
23-июнда мыйзам долбоорун парламентте тааныштырган Тажикстандын юстиция министринин орун басары Шараф Каримзода буга чейин Башкы прокуратура айрым ыйгарым укуктарга ээ болуп, Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте терроризмге каршы күрөшкө катышканын, бирок түздөн-түз терроризмге каршы күрөш жүргүзө турган органдардын катарына кирбегенин билдирди.
Мурдараак Тажикстандын ИИМи 2020-жылы өлкөдө террордук жана экстремисттик уюмдардын 270тен ашык мүчөсү жана тарапташы кармалганын кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары терроризм жана экстремизм айыбы менен 2071 кишиге издөө жарыяланып, алардын 1973ү кармалган.
Эл аралык уюмдар тажик бийлигин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен сын айткандардын укуктарын бузуп жатат деп бир нече жолу айыпташкан. Расмий Душанбе өз аракеттери өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга гана багытталганын айтып келет.