Ссылки доступа

Коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн курулган Ташкенттеги оорукана бейтаптарга толду


Былтыр коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн курулган Ташкенттеги "Зангиата-2" ооруканасында бош орундар дээрлик калбай калды. Бул тууралуу аталган медициналык жайдын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 600 кишиге ылайыкташкан ооруканага борбор шаардан тышкары Ташкент, Самарканд жана Наманган облустарынан да бейтаптар жеткирилүүдө.

– Биздин ооруканада чынында эле бейтаптар өтө көбөйдү. Көбү пневмония менен ооругандар. Алардын анализдери таза чыгып жатканы менен пневмонияны коронавирус козгогон болушу мүмкүн. Азыр 600 бейтапка ылайыкташкан оорукана 95% толуп калды, –​ деди медициналык жайдын кызматкерлеринин бири.

Ал учурда ооруканада эки блок иштеп жатканын, жакында 800 кишиге ылайыкташкан дагы бир блокту ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал ортодо Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.

Өзбекстанда калкты эмдөө үчүн негизинен өзбек жана кытай окумуштуулары сыноодон өткөргөн Кытай өндүрүшүндөгү ZF-UZ-VAC 2001 вакцинасы колдонулууда.

XS
SM
MD
LG