Анын айтымында, мындай штат буга чейин "Sevimli" жана "Zu'r TV" телеканалдарында да ачылган.
"Биз кошумча дагы бир кызматкерди жалдадык. Ал видеолордогу өбүшүү сыяктуу балдарга туура келбеген көрүнүштөрдү кесип же көрүнбөгөндөй кылып жаап турат. Мындай тажрыйба башка телеканалдарда да иштеп жатат", — деди ал.
Буга чейин "Аклвой" телеканалынын жетекчилиги эфирден "уяттуу сүрөттөрдү көрсөтүп", "Балдарды саламаттыгына зыян келтире турган маалыматтардан коргоо тууралуу" мыйзамды бузганы үчүн кызматкерлеринин бири жазаланганын билдирген. Социалдык түйүн колдонуучулары аталган телеканалда "Шахерезада. Айтылбаган окуялар" жана "Арт — Одиссея" мультсериалдарындагы жылаңач аялдардын сүрөттөрү менен өбүшүү учурлары көрсөтүлгөнүн сындап чыгышкан.