Ссылки доступа

Чыгыш Казакстан облусунун акими журналисттик иликтөөдөн кийин Еxclusive.kz сайтын сот менен коркутууда


Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахмедов өзү тууралуу “терс маалымат таратканы үчүн” журналисттерди сотко беремин деп коркутууда. Бул тууралуу “Адил сөз” уюму кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, Чыгыш Казакстан облусунун акимчилигинин мүдөөсүн коргогон “Ар Бедел” коомдук уюму Exclusive.kz сайтында 21-июнда жарыяланган "Национальная буржуазия объявила войну "агашкам"?” деген макаланы жана "Почему Елбасы не стал ссориться с Абаем" аттуу видеону өчүрүүнү жана териштирүүнү талап кылып, болбосо сотко кайрыларын билдирген. Бул материалдарда Чыгыш Казакстан облусундагы ири маданий-спорттук “Абай аренасы” комплекси тууралуу журналисттик иликтөөнүн корутундусу жарыяланган.

Даттануучулардын пикиринде, аталган материалдарда Чыгыш Казакстан облусунун акими менен акимчилигинин беделине доо кетирген, чындыкка жатпаган маалыматтар бар.

Семей шаарындагы ири спорттук комплексин курулушу 2017-жылы башталган. Exclusive.kz басылмасы бул аралыкта долбоордун сметасы 18,2ден 27,1 миллиард теңгеге чейин көбөйтүлгөнүн, коррупцияга жол берилгенин жазган.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG