Ссылки доступа

Өзбекстан аймагына өткөн 53 ооган аскери мекенине кайтарылды


23-июнда 53 ооган чек ара кызматкери жана жергиликтүү кошуундун аскерлери курал-жарактары менен Өзбекстандын аймагындагы Шортепа уездине киришкен.

Өзбекстан ТИМинин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү тергөө процедуралары көрүлгөндөн кийин ооган жарандары мекенине кайтарылган.

“Өзбек аймагына мыйзамыз өтүү үчүн кандай гана аракет болбосун катаал чара көрүлөт” деп белгилеген министрлик.

Расмий маалыматка караганда, өзбек тарап Ооганстан менен достук жана ынак коңшулук мамиледе болуп, өлкөнүн көз карандысыздыгын жактап, ошол эле учурда коңшулардын ички ишине кийлигишпейт.

Тажик-ооган чек арасындагы кырдаалды 23-июнда Өзбекстан жана Тажикстан президенттери телефондо талкуулашкан. Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон Ооганстан чек арасындагы абал өтө чыңалып турганын белгилешкен.

Бейшембиде Тажикстандын чек ара кызматы Ооганстандын 134 өкмөттүк аскери Ооганстандан чыгып кеткенин тастыктаган. Тажик чек арачылары гуманизм, ынак коңшулук принциптерине таянуу менен алардын эч тоскоолдуксуз Тажикстан аймагына өтүүсүнө урукт бергенин кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG