Ссылки доступа

Алматыда активист Кунболатулыны бошотууну талап кылгандар полиция имаратынын алдында түнөштү (видео)


Алматыда активист Байболат Күнболатулынын тарапташтары Медеу райондук полиция башкармалыгынын имаратынын алдында түнөштү. Күн мурун алар мыйзамсыз пикет уюштуруу айыбы менен 15 суткага камалган Күнболатулыны бошотууну талап кылышкан.

Таңга маал күн жаап, аба салкын болду. Каттоодон өтпөгөн “Нагыз Атажурт” бирикмесинин жетекчиси Бекзат Максутханулы нааразылыкка чыккандарга тамак-аш жана жылуу кийим берилгенин айтты.

— Бейтааныш адамдар бизге тамак-аш алып келип жатышты. Бизди тоңуп калышпасын деп, пледдерди, күрмөлөрдү, спорттук кийимдерди беришти, — деди Максутхан. Ал акция бүгүн да улана турганын кошумчалады.

25-майда Байболаттын аппеляциялык арызы каралат.

Шинжаңдагы агасын бошотууну талап кылып жүргөн Байболат Кунболатулы алматылык активист болуп эсептелет. Ал бир нече жолу митингге чыгып, административдик жоопкерчиликке тартылган. 22-июнда Алматы соту аны 15 суткага камоо жана айып пул салуу жөнүндө чечим чыгарган.

Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган жарандардын Кытай консулдугунун алдындагы акциясы февраль айынан бери уланып келет. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыккан жок. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде” кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

XS
SM
MD
LG