Ссылки доступа

Анжиянда кол тийбестигинен ажыратылган депутат камакка алынды


Анжиян шаардык кеңешинин кол тийбестигинен ажыратылган депутаты Шухрат Каримов камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, депутат "Алдамчылык", "Мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануусу" жана "Документтерди, мөөрлөрдү жана бланктарды жасалмалоо, сатуу же колдонуу" беренелери боюнча айыпталууда.

Буга чейин Шухрат Каримовго каршы бир нече кылмыш иши козголуп, анын депутаттык кол тийбестиги алынганы кабарланган. Анда айрым депутаттар Каримовду колдоп, ал "мыйзамсыз жер сатуу фактысынын бетин ачканы жана шаар прокурорун аттестациядан өткөрүүнү талап кылганы үчүн" куугунтукка кабылганын айтып чыгышкан.

Депутаттын кол тийбестигинен ажыратылышын өлкөнүн Юстиция министрлиги менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы айыптаган. Өз кезегинде Башкы прокуратура депутат "курулуш иштерин уруксатсыз баштаганын" белгилеп, аким менен Анжияндын прокурорун колдогон билдирүү тараткан.

XS
SM
MD
LG