Ссылки доступа

COVID-19дан каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөнүп бериле элек (видео)


Заразившиеся COVID-19 медики и умершие от этой болезни не могут получить обещанные выплаты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Кыргызстанда коронавирустан каза болгон медиктердин жакындарына жана жумуш учурунда COVID-19 жугузуп алган дарыгерлерге убада кылынган кенемте төлөнүп бериле элек.

Бишкектеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун биринде иштеген 48 жаштагы медайым Жыргалбүбү Оталиева былтыр коронавирустан улам өпкөсүнүн 95% жабыркап каза болгон.

"Биз кенемте алуу маселеси менен кайда гана кайрылган жокпуз! Бардык жерде документтер каралып жатканын айтып жатышат. Депутаттарга, Саламаттык сактоо министрлигине да кайрылып көрдүк, бирок жыйынтык болгон жок. Бүгүнкү күнгө чейин убадаланган кенемтени ала албай жүрөбүз", — деди Оталиеванын уулу Дайырбек Өмүралиев.

Марифат Садыкова да медайым. Ал өткөн жылы апрелде COVID-19 менен катуу ооруп, 22 күн ооруканага жатып чыккан. Кенемте алуу үчүн документтерин топтоп, үч жолу арыз жазган. Бирок үч жолу тең Саламаттык сактоо министрлиги документтерин кайра кайтарып берген.

"Министрликтен биз "кызыл зонада" эмес, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда иштегенибизди айтып жатышат. Бирок пандемия башталган алгачкы учурларда COVID-19дун белгилери бар бейтаптардын көбү жардам сурап бизге келишкен. Мага ошол маалда коронавирус жуккан. Мен бул жөнүндө айткандан коркпойм. Мени жумушуман ажыратып коюулары мүмкүн, бирок өмүрүмөн ажырата алышпайт. Алар өздөрү кенемте убадалашкан! Дарыгерлер эч нерсе талап кылган эмеспиз", — деди ал.

Март айында Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясы башталгандан бери COVID-19 жуктуруп алган бир жарым миң медикке 200 миң сомдон төлөнүп берилгенин билдирген. Бирок анда дагы канча дарыгер кенемте күтүп жатканы айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG