Бул тууралуу "Озоди" радиосу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады.
"Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз.
Өзбекстан болсо Ооганстан менен чектешкен Термез аймагынан качып кирген ооган аскерлерин артка кайтарган.
БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын жарыялаган.