Ссылки доступа

Нур-Султанда митингдердин алдында активисттер кармалууда (видео)


Нур-Султанда активист Айжан Абенова "тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" айыбы менен 15 суткага камакка алынды. Мындай чечимди шаардын райондор аралык соту 29-июнда кабыл алды.

54 жаштагы Айжан Абенова "апрелде жер реформасы боюнча жалпы улуттук митинг өтөт" деген маалыматты таратууга күнөөлүү деп табылды. Ал сотто бул айыптоону четке кагып, митингдин уюштуруучусу эмес экенин, болгону маалымат менен бөлүшүп койгонун айтты.

Нур-султандык активист Нурлан Алтынбаев 29-июнь күнү эртең менен көчөгө чыга албай жатканын, үйүнүн алдында полиция кызматкерлери күтүп турушканын билдирген. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери активисттин үйүнө барганда полициячылар дароо автоунаасына отуруп, кетип калышкан.

28-июнда Нур-Султанда активисттер Марат Мусабаев менен Кайыргелды Нургалиев кармалган. Полиция кызматкерлери алардын бирин көчөдө баратканда, экинчисин үйүнөн кармап кетишкен. 14-июнда АКШ элчилигинин алдындагы "мыйзамсыз" акцияга катышуу айыбы менен Нургалиев 15 суткага, Мусабаев 20 суткага камакка алынган.

Активисттер бул кармоолорду бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун демилгеси менен 6-июлда өткөрүү пландалып жаткан митингдерге байланыштырып жатышат.

6-июлда Казакстанда Борбор шаардын күнү менен катар өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү да белгиленет.

XS
SM
MD
LG