Ссылки доступа

Түркмөнстанда COVID-19га каршы эмдөө тууралуу буйрукту көрсөтүүнү талап кылган активистке айып пул салынды


Түркмөнстанда активист Мурат Душемов коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмдөө тууралуу буйрукту көрсөтүүнү талап кылганы үчүн 100 манат (28 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Душемов ооруканадан улгайган адамдарды мажбурлап эмдөөдөн өткөрүү тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин буйругун көрсөтүүнү талап кылып жаткан учурун видеого тартып, аны Youtube каналына жайгаштырган. Анын ооруканага баруусуна апасынан милдеттүү түрдө коронавируска каршы вакцина алууну талап кылышканы себеп болгон.

Видеодо дарыгер аларда эч кандай буйрук жок экенин айтып, анын бул аракети үчүн прокуратурага кайрыларын билдирген.

Активисттин айтымында, эртеси ал райондук сотко чакырылган. Ал жерде ага алдын ала даярдалган түшүнүк катка кол коюуну сунуштап, 100 манат өлчөмүндө айып пул салышкан.

"Эч кандай тергөө жүргөн жок. Мени полицияга чакырбастан эле ишти дароо сотко жөнөтүштү. Сотто болгону суроолорума жооп алууну каалаганымды айттым", — деди активист.

Маалыматтарга караганда, буга чейин 37 жаштагы Мурат Душемов чет өлкөдөгү түркмөн оппозициясы тууралуу пикирин билдиргенден кийин кармалып, 10 күндөн кийин үй камагына бошотулган.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип келет. Өз кезегинде көз карандысыз басылмалар Түркмөнстанда COVID-19 көптөн бери эле бар экенин жана андан көп киши өлгөнүн жазып келишет.

XS
SM
MD
LG