Ссылки доступа

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарандарына Орусияга барбоо кеңешин берди


Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө терроризм, укук коргоо органдарынын куугунтугу, АКШнын Москвадагы элчилиги көрсөтө турган жардамдын чектелиши жана жергиликтүү мыйзамдардын негизсиз колдонулушунан улам Орусияга баруу ынгайсыз экени айтылган.

Билдирүүдө Түндүк Кавказ, өзгөчө Чеченстан жана Крым белгиленген. Түндүк Кавказга терроризм тобокелдиги, киши уурдоолор жана жапырт башаламандыктар үчүн, Крымга орус бийлигинин ашкере үстөмдүгү үчүн барбоого кеңеш берилген.

“Орусияга барган же жашаган АКШ жарандары, анын ичинде мурдагы жана азыркы мамлекеттик жана аскер кызматкерлери, ошондой эле бизнес менен алектенген адамдар ыксыз сурактарга, коркутууларга кабылган. Алар кысымдын, катаал мамиленин жана опузалоонун курмандыктары болуп калышы мүмкүн. АКШ өкмөтүнүн бардык кызматкерлери Орусияга баруу зарылдыгын алдын ала өтө кылдат ойлонуп чыгышы керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин АКШнын Москвадагы элчилиги персоналдын жетишсиздигинен улам 1-августтан тартып консулдук кызматтарды көрсөтө албай турганын жарыялаган.

АКШнын санкцияларына жооп иретинде Орусия Москвадагы элчиликке чет өлкөлүк кызматкерлерди жалдоого тыюу салууну пландоо. 14-майда АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өкүлү бул тыюу кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG