Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө "КЕЗБИ" компаниясынын 600дөй жумушчусу иш таштады


30-июнда Жаңы-Өзөндөгү “КЕЗБИ” компаниясынын 600дөй жумушусу эмгек шартын жакшыртууну, маянаны көбөйтүүнү талап кылып иш таштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына мекеменин жумушчусу Нурсултан Нурымов кабарлады.

— 21-июнда забастовкага чыгарыбыз тууралуу акимчиликке, эмгек инспекциясына жана жумуш берүүчүгө эскерттик. Бирок эч кандай жооп болгон жок. Ошондон кийин бүгүн, 30-июнда жумушту толук токтоттук. Таңкы 6дан баштап эч ким ишке барган жок, - деди ал.

Жумушчулар маянаны жогорулатып, сыйакы төлөө системасын кайра карап чыгууну, майрам күндөр менен зыяндуу аймактагы жумуш үчүн кошумча акы төлөөнү, жумушчуларга эмгек стажына жараша карьералык жогорулоо үчүн мүкүнчүлүк түзүүнү, ден соолукту чыңдоо борборлоруна барууну уюштурууну, стандарттарга туура келген шаймандар менен камсыздоону талап кылышууда.

“КЕЗБИ” компаниясынын жумушчулары иш берүүчүдөн кесиптик кошуун түзүү ишине кийлигишпөөнү да сурашууда.

Компания 1992-жылы түзүлгөн. Ал Мангистау облусундагы мунай компанияларына скважиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтөт. Компанияда 27 бригада бар, 1200дөй киши иштейт.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG