Анын айтымында, полиция кызматкерлери активисттин апасы Зауатхан Турсынды да алып кетишкен.
Казакстанда каттоодон өтпөгөн "Нағыз Атажұрт" уюмунун жетекчиси Бекзат Максутхандын аялы Нургүл Ибраева полиция анын күйөөсүн да кармап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирди.
— Күйөөм мени сыртта күтүп турган. Чыгып таппай калдым. Жарым саат күттүм, бирок келген жок. Азыр анын каята экенин билбейм, полиция кармап кеткен болушу мүмкүн. Телефону да өчүк болуп жатат, — деди Ибраева.
Азырынча бул боюнча полиция эч кандай комментарий бере элек.
Социалдык түйүндөрдө Кытай консулдугунун алдындагы акцияларга чыгып жүргөн дагы бир нече активист кармалганы кабарланууда.
Активисттердин жакындары бул кармоолорду бүгүн Бээжинде Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракеси белгиленип жатканы менен байланыштырышууда.
"Казакстан Кытайдын маанайын бузбоо үчүн бүгүн консулдуктун алдына чыга турган адамдардын баарын кармап жатат", — деди Байболаттын аялы.
Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган жарандардын Кытай консулдугунун алдындагы акциясы февраль айынан бери уланып келет. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыккан жок. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.
Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар "өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын" айткан. Акция катышуучулары элчинин бул айткандарын сынга алып, туугандарына тагылган айыптар негизсиз экенин билдиришкен.
Алматы полициясы буга чейин кытай консулдугунун алдына акцияга чыккан жарандарды бир нече жолу кармап, айып пул салган. Бир нече жылдан бери Шинжаңда камакта жаткан бир тууганын бошотууну талап кылып жаткан алматылык активист Байболат Кунболатулы 22-июнда кармалып, "мыйзамсыз пикет уюштуруу" айыбы менен 15 суткага камакка алынган. Ал 29-июнь күнү кечинде Алматынын апелляциялык соту камактагы мөөнөтүн жети суткага кыскарткандан кийин эркиндикке чыккан.