Ссылки доступа

Түркиянын коргоо министри Душанбеде терроризмге каршы күрөшүү маселесин көтөрдү


Тажикстанга барган Түркиянын улуттук коргонуу министри Хулуси Акар кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугуп, терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулады.

Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Хулуси Акар тажикстандык кесиптеши менен жолукканда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын да талкуулап, Тажикстанды Түркиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү деп атаган.

Коопсуздук, коргонуу жана коргоо өнөр-жайы кызматташтыкты тереңдетүүгө даярбыз деген Хулуси Акар чек ара коопсуздугу жана терроризм менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирген.

Тажикстандын расмий түзүмдөрү Акардын сапары тууралуу эч кандай билдирүү жасашкан жок. Түркиянын "Анадолу" агенттиги Хулуси Акар тажик бийлик өкүлдөрү менен жолукканда ФЕТОго каршы күрөшүү маселесин көтөрүп, "бул маанилүү маселе" экенин белгилеген.

29-30-июнь күндөрү Кыргызстанга сапар менен келген Хулуси Акар кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, анда да ФЕТО уюмуна каршы күрөшүү маселесин көтөргөнү кабарланган.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын "Хизмет" кыймылын айыптап келет.

Эрдогандын бийлиги кыймылды ФЕТО же "Фетхуллахчы террорчул уюм" деп атап, анын миңдеген тарапташын кармаган. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам набыт болгон. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG