Ссылки доступа

Министрлер кабинети Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карады


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө башка маселелер менен катар “Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Марипов белгилегендей, “Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” документи аймак тургундарынын жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек.

“Мыйзамдын негизги милдети - жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, жана инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашашы тийиш”, - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт иштеп чыккан “Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынган.

Бул мыйзам күчүнө кирсе Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет

XS
SM
MD
LG