Ссылки доступа

Өзбекстанда жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарга 500 миң сумдан жөлөк пул берилет


Өзбекстанда "Темир дептерге" кирген үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага мектеп куралдарын жана форма сатып алууга 500 000 сумдан (50 долларга жакын) жөлөк пул берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 30-июнда Ташкентте өткөн Жаштар менен студенттердин форумунда билдирди.

Өзбекстанда "Темир дептер" былтыр түзүлүп, ага аз камсыз, үйүндө майып киши бар, социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаң кишилер, туруктуу жумушу жок жарандар жана карантинден улам ишсиз калган жарандар киргизилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мирзиёев "Темир дептерге" кирген үй-бүлөлөрдөгү абитуриенттер үчүн алардын алгачкы жылдагы контракттары бюджеттен төлөнө турган тартип киргизилерин билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, мындан тышкары жаш үй-бүлөлөргө ипотекалык программа боюнча турак жай алууга кошумча 2 миң квота каралып, бул максатта бюджеттен 60 миллиард сум (5,6 миллион доллар) бөлүнөт. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөр ипотекалык насыяга төлөп жаткан каражат толугу менен киреше салыгынан бошотулат.

Мирзиёев "Темир тизмеге" кирген үй-бүлөлөрдөгү балдар никеге турганда аларга кошумча турак жай куруу үчүн 33 миллион сумдук (3 миң доллардан ашык) күрөөсүз насыя берүү системасы түзүлөрүн кошумчалады.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG