Ссылки доступа

Тажикстанда мүлктөр менен капиталдарды легалдаштырууга мунапыс жарыяланат


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы "Жарандардын активдери менен каражаттарын легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Хоким Холикзода депутаттардын алдында сүйлөп жатып, мыйзамды кабыл алуунун максаты — жарандарга активдери менен каражаттарын улуттук экономикага кайтарууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн инвестицияларды активдештирүү экенин билдирди.

Анын айтымында, мүлктөрү менен каражаттарын легалдаштырган жарандар салыктардан, пайыздык чендерден жана айып пулдардан үч жылга бошотулат. Ошол эле маалда бул жеңилдиктер уруксатсыз курулган кыймылсыз мүлктөргө тиешелүү болбойт.

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар чет өлкөлөрдөгү мүлктөрү менен каражаттарын да мамлекеттик казынага 600 сомони (50 доллардан ашык) төлөп легалдаштырса болот.

Талдоочу Хайрулло Мирсаидов капиталын чет өлкөгө чыгарып кеткен ишкерлер мунапыс жарыялангандан кийин аларды кайра Тажикстанга кайтарып келбейт деп эсептейт.

"Ишкерлер Тажикстанда бизнести өнүктүрүүгө мүмкүн эмес экенин, ал кайсыл бир деңгээлге жеткенден кийин тартып алуулары мүмкүн экенин түшүнүштү. Ошондуктан бул мунапыс көбүнчө аткаминерлер менен президенттин жакындарына багытталып, аларга чет өлкөлөрдөгү каражаттарын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан болушу мүмкүн. Анткени азыр эл аралык коомчулук жемкорлук менен топтолгон банк эсептерин жаап жатат", - деди ал.

Тажикстанда капиталдар менен мүлктөргө 2007-жылы да мунапыс жарыяланган. Бирок анда легалдаштырылган мүлктөр менен алардын ээлери тууралуу маалыматтар ачык жарыяланбагандыктан, анын канчалык ийгиликтүү болгону белгисиз.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG