Бул тууралуу адвокат Урмат Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, актоочу тарап райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат.
Буга чейин Молдокматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 6-июлга чейин №1 тергөө абагында камакка алынган. Бул чечимди кийин Бишкек шаардык соту дагы өзгөрткөн эмес. Жактоочулар бөгөт чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча шаардык сотко арызданган.
Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган" деген кине койгон.
Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.
Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.