Ссылки доступа

Чымкентте акимчилик алдында ачкачылык акциясын уюштургандар 15 суткага камалды


Бир күн мурун Чымкент шаарынын акимчилигинин алдында ачкачылык акциясын жарыялап, ал жерден күч менен чыгарылган активисттер Ерлан Файзуллаев менен Нуржан Абилдаев 15 суткага камалды.

Мындан тышкары Ермек Конышбаевге 145 850 теңге (340 доллар) айып пул салынды. Аларды колдогон активист Жанмурат Аштаев 10 суткага камалды.

Соттун токтомуна ылайык, алар “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Активисттер айыптоолорду четке кагышты.

Саясий куугунтуктоолорду токтотууну талап кылып, 24-июндан бери ачкачылык жарыялаган активисттер 1-июлда акцияны акимчиликтин алдында улантышкан. Бирок көп узабай полиция аларды күч менен кармап кеткен.

Алматы, Нур-Султан, Чымкент, Орол, Усть-Каменогорск шаарларында саясий куугунтуктоолорду токтотуп, “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” кыймылдарын экстремисттик эмес, оппозициячыл уюмдар катары таануу талабы менен активисттер эки аптадан бери ачкачылык жарыялашууда.

XS
SM
MD
LG