Ссылки доступа

Тажикстанда чек арадагы жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыдан курулуп бүттү (видео)


Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыдан курулуп бүттү.

2-июлда жаңы үйлөрдүн ачкычтары ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чарага Согди облусунун төрагасы Ражаббай Ахмадзода катышты. Анын айтымында, чек ара жаңжалында 29 үй жабыркаган. Жаңыланган үй ээлерине азык-түлүк, кийим-кече жана айрым тиричилик техникалары кошо берилгенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Үйлөрдү жаңылоого мамлекеттен тышкары коомдук уюмдар жана жергиликтүү эл салым кошкону айтылды. Куруучулардын маалымдашынча, жаңы турак-жай эки бөлмө, коридор жана верандадан турат. Ар бир үйгө кеминде 130 миң сомони (11394.08 доллар) сарпталган.

28-апрелден 1-майга чейинки аралыкта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгогон эле.

Дома 29 жителей Исфары, пострадавшие в ходе приграничного конфликта, отстроены заново
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00
XS
SM
MD
LG