Ссылки доступа

Орхан Инандынын жубайы жалгыз пикетке чыкты


Бүгүн, 5-июлда 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды жалгыз пикетке чыкты.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ал колуна "Орхан Инанды табылабы?" деген суроо жазылган плакатты көтөрүп турду.

Ал буга чейин президент Садыр Жапаровго үч ирет видео кайрылуу жасап, күйөөсүн таап берүүнү суранган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышты.

Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерполго да кабар берилгени айтылган. Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Инандынын кантип жарандык алганы иликтенип жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG