Ссылки доступа

Ташкентте дем алыш күндөрү беткапсыз жүргөн 2 миңге жакын кишиге айып пул салынды


3-июлда Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында карантиндик чектөөлөрдү сактабаганы жана беткапсыз жүргөнү үчүн 964 киши административдик жоопкерчиликке тартылды. 4-июлда дагы 985 киши ушундай эле эреже бузуулар үчүн жазаланды.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, мындан тышкары карантиндик чектөөлөрдү сактабаганы үчүн 3-июлда 4885 кишиге, 4-июлда 4764 кишиге эскертүү берилди. Жекшемби күндөгү карантиндик чектөөлөрдү бузган 11 юридикалык жакка да айып пул салынган.

Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 54-беренесине ылайык, "кооптуу жугуштуу оорулар жайылып жаткан шарттарда атайын ыйгарым укуктуу органдын талаптарына карабастан коомдук жайларда беткапсыз жүрүү үчүн" 5 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган. Бүгүнкү күндө бул сумма 1 миллион 225 миң сумду (115 доллар) түзөт.

Буга чейин эпидемиологиялык абалдын начарлаганына байланыштуу Атайын республикалык комиссия Ташкентте 28-июндан 12-июлга чейин карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү чечимин кабыл алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG