Ссылки доступа

Тажикстан Ооганстан менен чек арасын бекемдөө үчүн 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялайт


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды. Мындай тапшырманы Рахмон 5-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коргоо министрине берди.

Тажик президентинин маалымат кызматы чек араны бекемдөө зарылчылыгы Ооганстандагы соңку кырдаалга байланыштуу жаралганын түшүндүрдү.

5-июлда Тажикстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы "Талибандын" жоочулары Бадахшан дубанынын Хохон, Шикай, Нусай, Мохимай, Шугнон жана Султан Ишкашим райондорун ээлеп алганын жарыялаган. Бадахшан аймагында Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 910 чакырымды түзөт.

Расмий эсеп боюнча, учурда 1500дөн ашык ооган аскери талибдер менен салгылаштан соң Тажикстандын аймагына кире качкан.

20 жылдан бери Ооганстанда террорчулукка каршы күрөшүп келген АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын бийлиги 11-сентябрга чейин өз жоокерлерин ооган жергесинен толук чыгара турганын билдирген.

Мындай шартта "Талибан" Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактагы бир нече районду басып алды. Согушкерлер соңку айда 143 районду басып алганын жарыяласа, Ооганстандын Ички иштер министрлиги мындай маалыматты четке кагууда.

Тажик бийлиги Ооганстандагы кырдаал күчөсө качкындар көбөйүшү мүмкүн экенин божомолдосо, Өзбекстан өткөн аптадан тарта аскердик машыгууларды баштаган.

XS
SM
MD
LG