Ссылки доступа

Чек ара жаңжалында кыйраган турак жайдын саны 140ка жетти


Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта кыйраган турак жайдын саны 140ка жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президент Садыр Жапаровдун Баткендеги атайын өкүлү Мамыржан Рахимов билдирди. Буга чейин кыйрап-талкаланган, өрттөнгөн үйлөрдүн саны 136 деп эсептелген.

Рахимов ар бири 126 чарчы метр болгон, заманбап шарттагы үйлөрдүн баары өлкөнүн эгемендик күнүнө карата толук курулуп бүтөрүн кошумчалады.

Ал ортодо Баткендин Лейлек районуна караштуу Максат айылында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу иштери башталганы кабарланды. Айылда Түркиядан келген жеңил типтеги тамдар кураштырылат. Ушул тушта төрт үйдүн пайдубалы салынып, дубалын бириктирүү башталды.

Өткөн аптада Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган 29 үй кайра курулуп, ээлерине тапшырылган. Тажик бийлиги аларга эки бөлмөлүү үй салып берген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө кылмыш иштери козголгон.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG