Ссылки доступа

Камчаткада жүргүнчү ташыган Ан-26 учагы жоголду


Ан-26 (иллюстрациялык сүрөт)
Ан-26 (иллюстрациялык сүрөт)

Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учкан жүргүнчү ташуучу Ан-26 учагы кулаган болжолдуу жер аныкталды. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги куткаруу кызматтарынын өкүлүнө шилтеме кылып билдирди.

"Өтө начар радиосигнал катталды. Болжолдуу түрдө бул дайынсыз болуп жаткан АН-26 учагынын бортундагы радиомаяк. Ал аба кемеси кырсыкка учураганда активдешет", - деп билдирди агенттиктин булагы.

Петропавловск-Камчаткадан Палана багыты боюнча учкан жүргүнчү ташыган Ан-26 үлгүсүндөгү учак 6-июль күнү эртең менен байланышка чыкпай, радарлардын экранынан жоголгон.

Алдын-ала маалымат боюнча учактын бортунда 22 адам болгон. Алардын арасында бир жаш бала, экипаждын алты мүчөсү жана Палана айылынын башчысы Ольга Мохирева да бар.

Учактын кулашына учкучтардын катачылыгы, техниканын иштебей калышы же аба ырайынын бузулушу себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Камчатканын өкмөтү атайын штаб түзүп, жоголгон учакты жана андагы адамдарды издөөгө киришти.

Жергиликтүү тергөө башкармалыгы “Аба транспортун пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголду.

Видео

XS
SM
MD
LG