Маалыматта Инанды ByLock телефон тиркемесин пайдаланганы, Түркиядан Кыргызстанга качкан уюмдун мүчөлөрүнө башпаанек сураганы айтылат. Андан сырткары уюмдун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алып бергени аныкталды деп жазылган.
Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Түркияда "террордук уюм түзүү" беренеси менен издөөдө жүргөн Мустафа Өзжан менен Али Челиктин да ысымдары аталган.
Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болуп жаткан. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.
Ал 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын кабарлады.
5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын өлкөдөгү элчисине нота тапшырган.