Ссылки доступа

Өзбекстанда темир жолду бууган тургундар 15 суткага камалды


Өзбекстандын Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин районунда темир жолду бууган 13 кишиге карата сот өкүмү чыкты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Чиракчин райондук соту тогуз айыпталуучуну 15 суткага эркинен ажыратып, төртөөнү 7 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 715 000 сум же 160 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин районунун Айратом айылынын жашоочулары 7-июнда темир жолду тосушкан. Чогулган жашоочулар район башчысы Хуррам Жураевден калкты электр энергиясы менен камсыздоону жана кубаттуу "трансформаторго" кошууну талап кылышкан.

Ал күнү 10:48де бул станциядан Ташкент-Карши багыты аркылуу тез жүрүүчү поезд өтмөк. Поезд келерге 28 мүнөт калганда Чиракчин районунун башчысы келип, аларды темир жолдон Айратом айылына алып кеткен. Анда эч ким жабыркаган эмес.

XS
SM
MD
LG