Ссылки доступа

Түркмөнстанда турак үйдө жарылуу болду


6-июлда Түркмөнстандын Түркмөнадаб шаарындагы көп кабатуу үйлөрдүн биринде жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөдөгү көз карандысыз маалымат сайттары кабарлашты.

turkmen.news сайты жарылуу кечки саат жетилерде Гагарин кичи районундагы №43 үйдө болгонун жазды. Жарылуудан улам үйдүн эки кабаты урап түшкөн.

"Түркмөнстан хроникасы" басылмасы күбөлөргө шилтеме кылып, жарылуудан улам бир нече киши каза болгонун кабарлады.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, көп кабатуу үйдөгү жарылууга газдын түтүктөрдөн сызылып чыгуусу себеп болгон.

XS
SM
MD
LG