Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлерден чет элдик паспортторун тапшыруу талап кылынууда


Түркмөнстанда бийликтин оозеки буйругу менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин чет элдик паспорттору чогултулууда.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысынын айтымында, мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлерге чет элдик паспорт алууга арыз жазбай туруу эскертилүүдө.

"Дарганата, Дянев жана Фарап райондорунда иштеген бюджеттик кызматкерлерден биометрикалык паспортторунун мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз бербестиги жөнүндө тил каттарды жаздырып алып жатышат. Мындай паспорту барларга аны Миграция кызматына тапшыруу буйругу берилди", — деди өзүн Мержен деп тааныштырган облус тургуну.

Анын айтымында, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине мындан ары чет элдик паспорттору бар жарандарды жумушка кабыл албоо керектиги да эскертилүүдө.

Мындай талап өлкөнүн башка аймактарында да болуп жатканы кабарланууда.

Өзүн Ахмет деп тааныштырган Түркмөнабад шаардык миграция кызматынын өкүлү берилип жаткан чет элдик паспорттордун санын чектөө тууралуу буйрук бар экенин ырастады. "Күнүнө бештен ашык биометрикалык паспорт бербөө тууралуу оозеки буйрук бар", — деди ал.

Түркмөнстан 2013-жылы жарандардын чет өлкөлөргө чыгуусу үчүн биометрикалык паспортторду колдонууга чыгарган.

Түркмөнстанда өлкөдөн чыгып кеткен жарандарынын саны боюнча статистикалык маалыматтар жарыяланбайт. 2019-жылы май айында "Азаттыктын" түркмөн кызматы маалыматка ээ булактарына таянып, акыркы 10 жылдын ичинде Түркмөнстандан 1,9 миллион киши чыгып кеткенин кабарлаган.

Өткөн жумада жергиликтүү басылмалар 2022-жылы эл каттоого даярданып жаткан мамлекеттик органдардагы булактарына таянып, Түркмөнстанда туруктуу жашаган жарандардын саны 1980-жылдардагы деңгээлине чейин төмөндөп, 2,7 миллионго түшкөнүн кабарлаган. Ошол эле маалда расмий бийлик өлкө калкы 6 миллиондон ашканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG