Ссылки доступа

Гаитиде президенттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу төрт киши жок кылынды


Президенттин резиденциясынын жанында жүргөн полиция кызматкерлери. Порт-о-Пренс шаары, 7-июль 2021-жыл
Президенттин резиденциясынын жанында жүргөн полиция кызматкерлери. Порт-о-Пренс шаары, 7-июль 2021-жыл

Гаитинин полициясы президент Жовенель Моиздин киши колдуу болушуна байланыштуу "жалданма аскер" деп мүнөздөлгөн төрт киши жок кылынганын, эки адам кармалганын билдирди. Дагы бир канча шектүү качып жүргөнү белгилүү болду.

Моиздин өлтүрүлүшү 11 миллиондой калкы бар, экономикалык жана саясий кризис өкүм сүрүп жаткан мамлекетте мураскерлик үчүн атаандаштыкты жаратып койду. Убактылуу премьер-министр Клод Жозеф өлкөнү башкарууну колго алганын билдирип, бир катар чукул чараларды жарыялады.

Гаитинин 53 жаштагы президенти Жовенель Моизди баш калаа Порт-о-Пренстин четиндеги жеке менчик резиденциясында белгисиз адамдар
7-июлга караган түнү атып кетишкен. Кол салуудан Моиздин жубайы Мартин Моиз да оор жаракат алып, АКШга дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланды.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Моиздин киши колдуу болушун айыптап, кол салгандарды жоопко тартууга чакырды. Азырынча президентти өлтүрүп кеткен топтун артында кимдер турганы айтыла элек.

Жовенель Моиз 2017-жылы мурдагы президент отставкага кеткенден кийин бийликке келген. Анын президенттик мөөнөтү жемкорлукка байланыштуу айыптоолор жана өкмөткө каршы демонстрациялар менен коштолду.

Оппозиция аны өлкөдө диктаторлук режимди орноткусу келет деп айыптаган. Моиз мындай дооматтарды четке каккан. Гаитиде ушул жылдын аягында парламенттик шайлоо өткөнү жаткан.

Гаити Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан. Соңку мезгилде бул өлкөдө экономикалык, саясий жана социалдык көйгөйлөр тереңдеп, баш калаа Порт-о-Пренсте кылмыштуу топтордун кол салуулары күчөгөн.

XS
SM
MD
LG