Мекеме мындай талапты "Мамлекеттик мектептердин окуучулары үчүн заманбап форма киргизүү тартиби тууралуу" жобо менен түшүндүрдү.
Анын 7-беренесинде окуучулар билим берүү мекемелерине баш кийимсиз кириши керектиги жазылган.
Министрлик бул билдирүүсүн журналисттер менен социалдык түйүн колдонуучуларынан окуучулардын хижаб кийүүсү тууралуу көптөгөн суроолор келгенине байланыштуу жасады.
5-июлда президент Шавкат Мирзиёев "Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги тууралуу" мыйзамга кол коюп, жарандардын коомдук жайларда хижаб кийип жүрүүсүнө уруксат берилген.