Ссылки доступа

Тажикстанда бийликтин басымына кабылганын билдирген адвокат өлкөдөн чыгып кетти


Нусратулло Мирзоев
Нусратулло Мирзоев

Тажикстандык адвокат, “Жарандык эркиндиктердин кеңсеси” коомдук уюмунун кызматкери Нусратулло Мирзоев бийликтин бир нече жолку басымынан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Ал учурда мурдагы советтик өлкөлөрдүн биринде жашап жатканын, бирок өз коопсуздугу үчүн ал мамлекеттин аталышын айтпай турганын белгиледи.

“Хатлон облусунун ички иштер органдары менен прокуратурасынын басымынан улам өлкөдөн чыгып кеттим. Алар менден соцтармактарга билдирүүлөрдү жазууну токтотууну талап кылып, айрым иштерге кийлигишпөөгө чакырышты», - деди ал.

Мирзоев бүгүнкү күндө Тажикстанда адвокат болуп иштөө өтө оор экенин, эгер адвокаттардын ишмердүүлүгү үчүн шарттар жакшырса, өлкөгө кайра кайтып келерин кошумчалады.

Облустук ички иштер башкармалыгы менен прокуратурасы адвокатка басым болгонун четке кагууда.

“Облуста күн сайын 100гө жакын иш каралат. Аларга ондогон адвокат тартылып, эч ким аларга эч кандай тоскоолдук кылбайт. Эгер баары Мирзоев сүрөттөгөндөй болсо, ал жогорку инстанцияларга даттанышы керек эле”, — деди облустук милиция бөлүмүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.

Өткөн жылы Amnesty International эл аралык уюму адвокаттар тууралуу атайын баяндамасын жарыялап, Тажикстанда адвокаттар өз профессионалдык милдеттерин аткарууда олуттуу тоскоолдуктарга кабыла турганын белгилген.

Тажикстанда 2015-жылы белгилүү адвокат Бузургмехр Ёров алдамчылык жана документ жасалмалоо айыптары менен 28 жылга соттолгон. 2019-жылы анын жаза мөөнөтү мунапыс менен алты жылга кыскартылган.

Адвокаттын жакындары ал өз кесибине берилгендиги жана оппозиционерлерди коргогону үчүн жазаланды деп эсептеп келишет.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигинен Ёровду эркиндикке чыгарууну бир нече жолу талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG