Ссылки доступа

Өзбекстанда президенттикке талапкерлигин койгон ырчы "саясаттан убактылуу кеткенин" билдирди


Жахонгир Атажанов.
Жахонгир Атажанов.

Өзбекстанда оппозициялык "Эрк" партиясынын атынан президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтүлгөн ырчы Жахонгир Атажанов убактылуу саясаттан кетүү жана ырчылык карьерасын кайра калыбына келтирүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Бул тууралуу ал 10-июлда Instagram-баракчасына жазып, мындай чечимди ата-энеси тууралуу ойлонгондон кийин кабыл алганын белгиледи.

«Мен 15 күндөн бери саясий темалар боюнча эч кандай эфирлерге чыга элекмин. Анткени менин мындай ар бир эфирим апамдын өмүрүн беш жылдай убакытка кыскартат. Мага мындай жол менен келе турган президенттик кызматтын кереги жок. Буга байланыштуу мен командабыздан кечирим сурайм. Саясаттан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Азырынча саясаттан алыстай туралы», – деди Атажанов.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов былтыр музыкалык карьерасын токтотконун, январь айында саясатка бел байлап, президенттик шайлоого аттанарын билдирген. Көп өтпөй Атажановдун Ташкент шаарындагы кеңсесине белгисиз аялдар келип, бул жер сойкукана экенин жана маңзаттар сатыларын айтып полицияны чакырышкан.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык, президентикке талапкерлер саясий партиялардын атынан гана көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG