Мекеменин маалыматына караганда, видео быйыл 26-апрелде тартылган. Видеодогу өзүн устара менен кескилеп жаткан 40 жаштагы адам мас абалында болгон. Буга чейин ал Өзбекстанда уурулук үчүн беш жолу, Орусияда талоончулук үчүн бир жолу соттолгон.
"Окуядан кийин ал адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, бул боюнча жергиликтүү прокуратурага маалымат берилген. Ал жаран өзүнө келгенден кийин кылганына өкүнүп жатканын, мас болгондуктан өзүн көзөмөлдөй албай калганын айткан", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, 5-майда участкалык инспектор бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.