Алар өкмөткө каршы ураандарды кыйкырып, президенттин отставкасын жана пандемияга каршы күрөштө чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышты.
"Демонстранттар калкты коронавируска каршы вакциналар менен камсыз кылууну, күн сайын электр энергиясын өчүрүүнү токтотууну жана азык-түлүк, дары-дармек тартыштыгын жоюуну талап кылып жатышат. Ураандардын арасынан "диктатура жоюлсун" жана "биз коркпойбуз" деген сөздөрдү угууга болот", деп жазды AFP агенттиги.
Reuters Гавананын көчөлөрүндө пулеметтор менен жабдылган күч түзүм мекемелеринин автоунаалары жүргөнүн кабарлоодо.
Акыркы бир сутканын ичинде өлкөдө 7 миңге жакын кишиге коронавирус жугуп, суткалык көрсөткүчтүн рекорду жаңыланды. Бул акыркы жумаларда катталып жаткан көрсөткүчтөрдөн эки эсе көп.
Буга чейин Куба Орусия менен Кытайдын вакциналарынан баш тарткан. Мындан тышкары кирешеси аз өлкөлөргө эмдөө каражаттарын алууга жардам бере турган COVAX программасына да катышкан жок. Өткөн жумада өлкө өкмөтү өз өндүрүшүндөгү Abdala 2 вакцинасын жактырган.
Акыркы жолу Кубада өкмөткө каршы акциялар дээрлик 30 жыл мурда өткөн.
Президент Мигель Диас-Канель аралдагы абалды курчутууга АКШны айыптады. Ал революцияны коргоого мезгил жеткенин айтып, коммунисттерди көчөгө чыгып, демонстранттарга каршылык көрсөтүүгө чакырды.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан демонстранттарды колдой турганын билдирип, Вашингтон тынч акциялардын катышуучуларына карата кандай гана зомбулук болбосун айыптай турганын билдирди.