Ссылки доступа

Орусия Мазари-Шариф менен Хайратон шаарындагы дипломаттарын Өзбекстанга чыгарып кетти


Ооганстандын Хайратон шаарында убактылуу иштеп жаткан Мазари-Шарифтеги Орусия консулдугунун дипломаттары Өзбекстанга которулду. Бул тууралуу "Интерфакс" Өзбекстан ТИМинин өкүлү Юсуп Кабулжановго шилтеме берүү менен билдирди.

Орусиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов маалымдагандай, Мазари-Шарифтеги башкы консулдук убактылуу жабылган, себеби ал калаада жана анын айланасында кырдаал тынч эмес. Дипломаттар жарандарды Хайратон шаарында кабыл алып жатышкан.

Жирновдун айтымында, “Талибан” кыймылы Ооганстандын бир катар жерлерин басып алганына карабай, бир дагы ири шаар, анын ичинде Мазари-Шариф жоочулардын көзөмөлүнө өткөн жок.

Мазари-Шариф – Ооганстандагы төртүнчү ири шаар. Балх провинциясынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан жана Ооганстандын Термез шаарынан 58 чакырым аралыкта турат.

“Талибан” кыймылы 9-июлда Москвада өткөн басма сөз жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасын бузбай турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG