Ссылки доступа

Тажикстанда электр энергиясынын өндүрүшү азайып, экспорт көбөйдү


Тажикстанда биринчи жарым жылдыкта электр энергиясын өндүрүү азайып, анын экспорту көбөйгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын алгачкы алты айында Тажикстан башка өлкөлөргө 917 миллион киловатт-сааттан ашык электр энергиясын саткан. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 миллион киловатт-саатка көп. Январдан июлга чейин өлкөдө 10 миллиард 73,1 миллион киловат-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 170 миллион киловатт-саатка аз.

Ошол эле маалда быйыл жаз айларында Тажикстандын айрым аймактарында калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөөлөр киргизилип турган. Кээ бир райондун жашоочулары азыр да электр энергиясы өчүлүп жатканына даттанышууда.

12-июлдагы басма сөз жыйынында журналисттер өлкөнүн энергетика министри Далер Жумадан эмнеге өндүрүш азайганына карабастан электр энергиясынын экспорту көбөйгөнүн жана электр жарыгы өчүрүлүп жатканын сурашты. Министр калк үчүн чектөөлөр адатта кышында киргизилерин, экспорт быйыл 1-майда гана башталганын билдирди.

Бирок буга чейин айрым басылмалар электр энергиясы быйыл жыл башында эле башка өлкөлөргө сатылып жатканын жазышкан. Алсак, быйыл март айында «Авеста» маалымат агенттиги Тажикстан 2021-жылдын алгачкы эки айында электр энергиясын экспорттоодон 7 миллиондон ашык доллар киреше тапканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG