Ссылки доступа

Душанбе: Кыргызстан Тажикстанга келаткан жүк ташуучу унааларды өткөрө элек


Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим чет өлкөлөрдөн жүк ташып келаткан 60 фура Кыргызстандан өтө албай турганын билдирди. Быйыл апрелде болгон кандуу чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Азим Иброхим 14-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаров Душанбеге сапар менен келгенде Кыргызстандан өтө албай жаткан жүк ташуучу унаалар маселесин кыргыз кесиптеши менен талкуулаганын айтты.

“Менин кыргыз кесиптешим бул маселени карап чыгууга убада берген. Бирок, тилекке каршы, жыйынтык жок. Бул жерде көйгөйдүн башка жактарын да эске алуу керек”, - деп белгиледи министр.

Азим Иброхим кыргыз кесиптеши менен жолуккан учурда бул абал кыргыз экономикасына да зыянын тийгизерин, себеби 60 фуранын үчтөн бир бөлүгүн гана тажиктер, калганын кыргыз айдоочулары айдай турганын айткан.

Тажикстандын транспорт министри бул маселени дипломатиялык деңгээлде чечүүгө аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ошол эле маалда Азим Иброхим Тажикстандан чыга албай жаткан кыргыз фуралары барбы деген суроого жооп бере алган жок.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG