Ал мекемеге "вакциналардын уруксат берилбеген заттардан жасалганы" тууралуу даттануулар түшкөнүн белгиледи. Ишматбековдун айтымында, вакцина зыяндуу заттардан жасалган күндө да "бир зат башка бир абалга айлангандан кийин анын курамы өзгөрөт" деген эрежени сактоо керек.
"Эгер ал дары болсо, дарыга айланганга чейинки абалы өзгөрсө, анда ага көңүл бурбай деле койсо болот. Эгер адис аны дары катары сунуштаса, демек ал уруксат берилген (адал) болот деген жыйынтыкка келдик", - деди Ишматбеков.
Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Өзбекстанда 938 529 киши коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.