Ссылки доступа

Казакстанда ырчы жана аткаминер активистти сотко берди (видео)


Чымкент шаардык маданият үйүнүн жетекчиси, ырчы Сакен Майгазиев каттоодон өтпөгөн “Казакстандын демократиялык партиясынын” активисти Аружан Дуйсебаеванын үстүнөн сотко арызданды.

Ырчы активистти “ар-намыска тийип, кордоду” деп айыптады.

Активист Чымкентте Ноорузду майрамдоо үчүн бөлүнгөн жарым миллиард теңгенин чыгымдалышы боюнча маалымат талап кылганы үчүн соттоого аракет кылып жатышканын айтты. Ал бул боюнча март жана апрель айларында “Ютубга” эки видеоролик жайгаштырган.

Бул иш боюнча алгачкы сот отуруму 15-июлда башталат.

Доогер видеодогу төрт сүйлөм (мамлекет бөлгөн 565 млн теңге жок кылынды, жемкорлукка баруу – калкка карата чыккынчылык, коррупционер) анын кадыр-баркына доо кетиргенин билдирүүдө. Аткаминер соттон активистти кылмыш жоопкерчилигине тартып, эки видеону өчүрүүгө, соцтармактарда кечирим суроого милдеттендирүүнү суроодо.

Активист Аружан Дуйсебаева доогердин позициясы менен макул эместигин, ал акча кайда жумшалганы боюнча түшүндүрмө бербегенин билдирүүдө.

Буга чейин Чымкентте Нооруз майрамын белгилөөгө 565 миллион тенге бөлүнгөнү тууралуу маалымат коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Чымкент акими бул маалыматты четке каккан. Шаардык маданият үйүнүн жетекчиси Сакен Майгазиев иш-чарага жарым миллиард эмес, 180 миллион теңге жумшалганын билдирген.

Ошол эле маалда мамлекеттик сатып алуулар сайтында Ноорузду майрамдоого 180 миллион теңгеден алда канча көп акча жумшалганы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG